Көп берилүүчү суроолор
QLEVER оюн платформасы – билим берүүчү жана көңүл ачуучу онлайн порталы, бул платформа «Борбор Азия жаштарынын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн көтөрүү үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Qlever жөнүндө

Бул эмне болгон платформа жана оюндар?
Qlever платформасы – бул билим берүүчү-көңүл ачуучу онлайн портал, ал смартфондордо жана Android планшеттерде жеткиликтүү. Платформаны ошондой эле сенин каражатыңдагы браузер аркылуу www.qlever.asia веб-сайтынан да колдонсо болот. Qlever платформасындагы оюндар сынчыл ойломду өнүктүрүүгө, медиа-маалыматтык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. Оюндарды өтүп жатып, сен фейк жана кастык тилин аныктаганды жана аларга кандай реакция кылуу керектигин үйрөнөсүң.

“Qlever” деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Акылдуу!
“Qlever” деген сөз туура кандай окулат?
Qlever деген “Клевер” деп окулат, Clever – акылдуу деген сөздөн алынган.
Платформаны ким каржылайт?
Платформа “Борбор Азияда жаштардын онлайн ресурстардагы жана социалдык медиадагы кастык тили менен дезинформацияга туруштук берүүсүн күчтөндүрүү” BRYCA долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Платформа Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.
Оюндардан мага эмне пайда?
Оюндарды өтүү менен сен фейктерди фактылардан ажыратканды, сынчыл ойлонгонду, кастык тилине туруштук бергенди жана интернет-шылуундардан өз алдынча коргонгонду үйрөнөсүң. Бир сөз менен айтканда, медиасабаттуу болосуң!
Эмне үчүн платформа iOS үчүн жеткиликтүү эмес?
Биздин максаттуу аудиториябыз (сага окшогон оюнчулар) көбүнчө Android платформасын колдонушат. Ошондуктан платформа биринчи кезекте Android үчүн жеткиликтүү жана калгандар үчүн веб-версиясы бар.
Play Market / Google Plaу аркылуу оюндарды таппай жатам
Маселе гугл аккаунтта болушу мүмкүн. Платформа Борбор Азияда гана жеткиликтүү. Эгер сенин Плей Маркетиңде башка өлкө көрсөтүлсө, анда оюндар чыкпайт. Плеймаркеттеги өлкөнү текшериш үчүн Плей Маркетке кирип, өзүңдүн профилиңдин иконкасын бар ➡️ жөндөөлөр ➡️ жалпы ➡️ аккаунттун жана каражаттын жөндөөлөрү ➡️ өлкө жана профиль. Эгер ал жакта, мисалы, “Грузия” деп көрсөтүлсө, аны өз өлкөңө өзгөрт (Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан же Кыргызстан). Эми оюндар чыгышы керек.
Qlever платформасынын администрациясы менен кантип байланышууга болот?
Эгер сен өзүңдүн сурооңо “Көп берилчү суроолор” бөлүмүнөн жооп таппасаң, биз менен төмөнкү үч жол менен байланыша аласың:
  • Бизге “Башка” бөлүмүндөгү Telegram https://t.me/QleverKGbot чатына жазсаң болот. Бул жерде биз тезирээк жооп беребиз.
  • Коддоо кызматына кайрылсаң болот. Смартфондон: “Qlever жөнүндө”т деген бөлүмгө кир ➡️ “Администрацияга кайрылуу”. Веб- версияда: экрандын сол жак бөлүгүндө меню бар – ал жактан “Кайтарым байланыш” бөлүмүн изде.
  • Же email дарегибизге жаз: qlever.game@gmail.com

Qlever аккаунтун колдонуу

Эгер мен чет өлкөгө кетсем, Qlever оюндарын ойной аламбы?
Эгер сенин аккаунтуң болсо, Qlever оюндарын чет өлкөдөн да ойной аласың. Эсинде болсун, утуп алган белегиңди биз башка өлкөгө жибере албайбыз.

Мен оюнда бир нече аккаунт ача аламбы?
Qlever платформасынын эрежеси боюнча бир нече аккаунт ачууга тыюу салынат. Аккаунтка блок коюу себептери туурасында кененирээк “Чынчылдык менен упай топтоо кыйынбы” Форумунан окуй аласың.

Мен өзүмдүн Qlever аккаунтумду башка компьютер/смартфондордо колдоно аламбы?
Сен өзүңдүн аккаунтуңду каалаган башка Android базасындагы самртфондо же тармакка кошула ала турган компьютердин браузеринде колдоно аласың.

Платформадан өз аккаунтуңду таптакыр өчүрүүгө болобу?
Аккаунтту өз алдынча өчүрүүгө мүмкүн эмес. Аккаунтту өчүрүү же блоктоо боюнча Qlever админине кайрылуу керек. Бизге Telegram ботко “Аккаунтту каттоо жана калыбына келтирүү” бөлүмүнө жазсаң тезирээк болот https://t.me/QleverKGbot.
Эгер кандайдыр бир себептер менен сен аккаунтту ачканда колдонгон телефон номерин азыр колдоно албасаң, анда телефон номериңди “Профиль” бөлүмүнөн өзгөртсөң болот: “Профиль” ➡️ “Редакциялоо” ➡️ “Маалыматтарды редакциялоо”.

Эгер платформада маселе жаралса кимге кайрылышым керек?
Техникалык же башка маселелер боюнча колдоо кызматына кайрылса болот. Биздин Telegram чатты колдон (ал жактан биз тезирээк жооп беребиз), сенин маселеңе туура келген бөлүмдү танда - https://t.me/QleverKGbot.
Ошондой эле, сен бизге платформанын өзүнөн да кайрыла аласың. Смартфондо:“Qlever жөнүндө бөлүмүнө кир” ➡️ “Администрацияга кайрылуу. Веб-версияда: экрандын сол жак бөлүгүндө меню бар – “Кайтарым байланыш” бөлүмүн изде.

Мен аккаунтумдагы маалыматтарды кантип өзгөртө алам?
Маалыматтарды тиркемеде “Профиль” бөлүмүнөн өзгөртүүгө болот: “Профиль” ➡️ “Редакциялоо” ➡️ “Маалыматтарды редакциялоо”. Веб-версиясында профилдин иконкасы экрандын оң жак өйдөңкү бурчунда жайгашкан. Маалыматтар администратор текшерип чыккандан кийин өзгөрөт. Туура эмес толтурулган маалыматтар администратор тарабынан кабыл алынбайт. Текшерип көргүлө, платформада чыныгы аты-жөнүң, туулган күнүң жазылдыбы. Эгер сенин платформадагы маалыматтарың туура эмес жазылып калса, биз сага белектерди жөнөтө албайбыз.


Кандай учурларда менин аккаунтум блоктолушу мүмкүн?
Аккаунттарга төмөнкү учурларда блок коюлат:
  • платформанын кодуна таасир эте турган модификацияларды, компьютердик программаларды, робот же башка алгоритм, методдорду таркатканда жана колдонгондо;
  • оюндун жыйынтыгына таасир этүүгө, өзгөртүүгө аракеттер көрүлгөндө, жасалма жол менен жылдызчаларды топтоо же бир аккаунттан экинчиге өткөрүп бергенде;
  • оюндарды, алардын жыйынтыктарын өзгөртүүгө же платформага байланыштуу башка манипуляциялык аракеттер же бузуп кирүү аракеттери көрүлгөндө;
  • бир нече аккаунт түзүү жана колдонуу;
  • платформага жана анын колдонуучуларына карата ар кандай чабуул жасалса.
Эрежелер туурасында кененирээк “Колдонуучулук келишиминин” 5.8 жана 5.9 пункттарынан окуй аласың.

Эгер менин аккаунтума блок коюлса кимге кайрылуум керек?
Эгер сенин аккаунтуңа блок коюлса, Qlever администрациясына кайрылышың керек. Telegram чаттын “Аккуанттарды каттоо жана калыбына келтирүү” бөлүмүнө жазсаң болот (бул эң тез жолу).
Эгер сен платформанын эрежелерин бузсаң (“Колдонуучулук келишиминин” 5.8 жана 5.9 пункттарын ), аккаунтуң блоктон чыгарылбайт

Сыр сөздү унутуп калсам эмне болот? / Сыр сөздү кантип калыбына келтирүүгө болот?/ Сыр сөздү кантип өзгөртүүгө болот?
Аккаунтуңа кирип жатканда “Сыр сөз эсимде жок” деген пункт бар, аны бас, андан ары Qlever платформасына катталып жатканда колдонгон телефон номерин жаз. Ал телефон номерге смс код келет, ал сыр создү алмаштыруу үчүн керек.
Эгер сен кодду бир нече жолу сурап, смс лимитинен ашып кетсең, Qlever админине кайрыл. Telegram чаттын “Аккуанттарды каттоо жана калыбына келтирүү” бөлүмүнө жазсаң болот https://t.me/QleverKGbot

Эгер аккунтуңду бузуп кирип же уурдап алса эмне кылуу керек?
Эгер сенин аккунтунду бузуп кирип же уурдап алса, аны калыбына келтирүү үчүн сыр создү алмаштыруу керек болот.

Эгер аккаунтуң байланган телефон номери сен үчүн жеткиликтүү эмес болсо (сим-карта уурдалып кетсе, сынып калса ж.б.), анда колдоо кызматынын Telegram чатына “Аккуанттарды каттоо жана калыбына келтирүү” бөлүмүнө” жаз https://t.me/QleverKGbot.

ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА! ЭЧ КИМГЕ СЫР СӨЗДҮ АЙТПА! Qlever колдоо кызматы эч качан сенден сыр сөздү сурабайт.
Өз сыр сөзүңдү Qlever расмий сайтында гана колдон — www.qlever.asia.
Эгер сенден логин жана пароль сураган сайт расмий эмес деген шектенүү пайда болсо, эч кандай маалыматтарыңды киргизбе, андан чыгып кет да, ал туурасында бизге Telegram чаттагы “Аккуанттарды каттоо жана калыбына келтирүү” бөлүмүнө билдир https://t.me/QleverKGbot.

СМС келбей жатат, эмне кылуу керек?
Тастыктоо коду менен смс келбеген учурларда, жаңы код сураарга чейин төмөнкү аракеттерди кылуу керек:
  • Телефон номери туура көрсөтүлгөнүн текшерүү.
  • Балким интернет байланышы начар. Бул учурда башка wi-fi же интернет тармагына кошулуу керек.
  • Телефондун эс тутумунда смс кабыл алууга орун жетиштүү экенин текшерүү; эгер орун жок калса, эски смстерди очүрүү керек.
  • Башка даректерден смс-билдирүүлөр тоскоолдуксуз келип жатканын текшерип көрүү.
  • Телефонду кайра жандырып же авиарежимди өчүрүп-күйгүзүп көр.
Бул айтылгандардын баарын аткарып көргөндөн кийин “Дагы бир жолу жөнөтүү” баскычын бас. Смстин келүү убактысы 30 мүнөткө чейин болушу мүмкүн. Көңүл бургула: “Дагы бир жолу жөнөтүү” баскычын 3төн ашык жолу басуу смс жөнөтүү лимитинен ашып кетүүгө алып келет.
Эгер код анда да келбесе же лимиттен ашып кетсеңер, анда бизге Telegram чаттын “Аккуанттарды каттоо жана калыбына келтирүү” бөлүмүнө билдирүү жөнөт” https://t.me/QleverKGbot.

Оюндар жана жылдызчалар

Оюндар аркылуу кантип жылдызчаларды топтоого болот?
Оюндарда упайларды алууга болот, алар болсо жылдызчаларга алмаштырылат. Б.а. Mediapole оюнундагы 2500 упай рейтинг, бул Qlever-де да 2500 жылдызча дегенди түшүндүрөт. Билим берүүчү оюндарда жылдызчаларды тезирээк топтоого болот (Mediapole, Space Adventures, Moderator ж.б.). Ар бир оюнда жылдызчалардын саны чектелүү. Эгер сен рекорддук натыйжага жетсең да, жылдызчаларды албай жатсан, демек жылдызчалардын мүмкүн болчу санын алып койдуң дегенди түшүндүрөт.
Оюндардан башка дагы кайсы жерде жылдызчаларды топтоого болот?
Жылдызчаларды дагы “Кызыктуу” бөлүмүндөгү сурамжылоолорго, викториналарга катышып топтоого болот, биз тез-тез өткөрүп турган конкурстарга катышып жана промокоддор аркылуу да жылдызчаларга ээ боло аласың. Промокоддор туурасында кененирээк бул жерден окусаң болот: https://kg.qlever.asia/news/717
Эмнеге жылдызчаларды топтой албай жатам?
Жылдызчаларга ээ болбой жатканыңдын төмөнкүдөй себептери болушу мүмкүн:
  • Сен максималдуу сандагы жылдызчаларды алып койдуң. Жылдызчалардын максималдуу саны оюндун мукаба бетинде көрсөтүлгөн. Мисалы, “Detective” оюнунда эң көп 200 жылдызча алууга болот.
  • Mediapole оюнунда рекорд кое албай жатсаң, оюндагы рейтингиңди жогорулат, ошондо оюн кошумча жылдызчаларды бере баштайт.
Эгер жылдызчалар башка себептер менен берилбей жатса, биздин Telegram чаттын “Жылдызчалар (упайлар)” бөлүмүнө кайрылсаң болот https://t.me/QleverKGbot.
Мен өз жылдызчаларымды кантип досума белек кыла алам?
Мындай мумкүнчүлүк жок. Платформанын эрежелери боюнча жылдызчаларды бир аккаунттан экинчисине берүүгө тыюу салынат.
Оюн ачылбай жатат, эч нерсе көрүнбөйт, кара экран гана чыкты ж.б. Эмне болду?
Мындай нерселер оюнда бир нече себептен болушу мумкүн:
  1. Интернетиңдин өткөрүмдүүлүк күчү өтө төмөн
  2. Биз тараптан техникалык иштер
  3. Же тиркемедеги катачылыктар
Эгер башка Интернетке кошулуу да жардам бербесе, биздин Telegram чаттын “Оюн иштебейт, катып калуу” бөлүмүнө жазсаң болот https://t.me/QleverKGbot

Белектер жана балансты толуктоо

Мен кантип дүкөндөн белек ала алам?
Белгилүү бир белекти алуу үчүн жылдызчаларыңдын саны жетиштүү экенин текшер. Qlever тиркемесинен дүкөндү ач, жаккан белегиңди танда ➡️ “сатып алуу” баскычын бас ➡️ Жеткирүү дарегин көрсөт ➡️ сатып алууну тастыкта, бүттү! Эгер белек тезирээк келишин кааласаң, биздин Telegram чаттын “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү” бөлүмүнө жаз https://t.me/QleverKGbot.

Эмне үчүн жылдызчаларды белекке алмаштыра албайм?
Эгер жылдызчаларды белекке алмаштыра албай жатсаң, ага эки себеп болушу мүмкүн:
  • Ал белек үчүн жылдызчаларыңдын саны жетишсиз;
  • Белектер түгөнүп калды. “Сатылып кетти” деген статус андай белек учурда дүкөндө жок дегенди тушүндүрөт. Белектердин саны дайыма чектелүү болгондуктан, ал белек дүкөнгө түшөөрү менен аны алып калганга үлгүрүшүң керек. Эгер “Сатылып кетти” деген статустун ордуна платформа сен бул белекти алып койдуң деп көрсөтүп жатса (а чынында буга чейин ал белекти албаган болсоң), анда Qlever тиркемесин жаңылашың керек. Эгер бул айтылгандар жардам бербесе, биздин Telegram чаттын “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүнө кайрыл” https://t.me/QleverKGbot.
Эмне үчүн белектер тез эле түгөнүп калат?
Дүкөндө белектердин саны чектелүү, а оюнчулар күн санап көбөйүп жатат, ошондуктан оз утушуңду алып калганга жетишишиң керек. Жардамчы сөз: белектерди биз жума сайын зарыл болгон учурларда жаңылап турабыз 😉

Топтолгон жылдызчаларды эмне кылам?
Топтогон жылдызчаларыңды белектерге алмаштырсаң болот. Белектерди тандоо үчүн “Дүкөн” бөлүмүнө өтүп, жактырган белегиңди танда.

Мен кантип өзүмдүн телефон номеримдин балансын толуктай алам?
Уюлдук бирдиктерге ээ болуу үчүн биздин Telegram чаттын “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүнө кирүү керек https://t.me/QleverKGbot. Qlever платформасына катталган фамилия, атыңды жана телефон номериңди жаз. Биз текшерүү жүргүзүү үчүн паспорт же туулгандыгың туурасындагы күбөлүк талап кылышыбыз мүмкүн.
Балансты толуктоону Qlever дүкөнүнөн тапсаң болот. Платформада сенин чыныгы аты-жөнүң жана туулган күнүң жазылганын текшерип кой. Ансыз балансты толуктоо ишке ашпайт. Qlever аккаунтуңдагы маалыматтарды өзгөртүү туурасында биз жогоруда айттык – “Мен аккаунтумдагы маалыматтарды кантип өзгөртө алам?” деген суроонун жообун изде.

Белектер канча күндө жеткирилет (Уюлдук бирдиктер ЭМЕС)?
Белектерди жеткирүү 12 жумуш күндүн ичинде ишке ашат (дем алыш күндөр эсептелбейт.

Биз сага белектерди жөнөтүшүбүз үчүн так дарегиңди, почта индексин жана алуучунун номерин (эки номер болсо жакшы) көрсөтүү керек. Платформа бул маалыматтарды сенден өзү сурайт. Эгер сен белектер эртерээк жөнөтүлсүн десең, биздин Telegram чаттын “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүнө жаз https://t.me/QleverKGbot. Бизге платформадагы телефон номериңди жана аты-жөнүңдү билдир.

Эгер жеткирүү үчүн маалыматтар туура жазылганын текшергиң келсе, төмөнкү кадамдарды жасашың керек (муну браузерден гана кылууга болот):
  • Профилиңе кир (сенин атың жазылган экрандын оң жак өйдөңкү бурчундагы иконка);
  • “Сатып алуулар таржымалы” дегенге чейин баракта жана азыркы сатып алууну танда;
  • Кийинки терезеден “Жеткирүү дарегин өзгөртүү” дегенди танда – бул баскыч белектин сүрөттөмөсүнүн астында жайгашкан;
  • Жаңы маалыматтарды киргизип, “Өзгөртүү” деген жерди бас.

Эгер кандайдыр бир себептер менен белегиң 7 күндүн ичинде келбесе, Qlever платформасынын администраторуна кайрыл. Telegram чатта биз тезирээк жооп беребиз, “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүн танда https://t.me/QleverKGbot!

Бир эле белекти эки жолу алсам болобу?
Тилекке каршы жок. Бир белекти бир гана жолу алууга болот.

Белектен баш тартып, кайра кантип жылдызчаларды кайтарууга болот?
Өз алдыңча белектен баш тартууга болбойт, бул үчүн Qlever платформасынын администраторуна кайрыл. Telegram чаттан биз тезирээк жооп беребиз, “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүн танда https://t.me/QleverKGbot!
Бардык белектер үчүн сарпталган жылдызчаларды, сатып алуудан кийин 3 күндөн ашуун убакыт өтпөгөн учурда кайтырууга болот.


Өзүмдүн белектер боюнча таржымалымды кантип көрүүгө болот?
Qleverден алган белектериңдин таржымалын көрүү үчүн, профилиңе кир, сатып алуулар таржымалын ач да, “Бардык сатып алуулар” баскычын бас. Профилиңе кантип кирүүнү биз “Өз аккаунтумдагы маалыматтарды кантип өзгөртө алам?” деген суроонун жообунда сүрөттөп бердик.

Дүкөнгө жаңы товарлар канча убакытта бир келип турат?
Дүкөндө товарлар түгөнүп калса, ар бир шаршемби сайын жаңы белектер менен толукталып турат. Биз бардык колодонуучуларга Push-кабар жибиребиз. Ошондуктан биздин тиркемеден келген билдирүүлөрдү кабыл алуу функциясын телефонуңдун жөндөөлөрүнөн күйгүзүп кой, өз белегиңди өткөрүп жибербе.

Qlever уюлдук бирдиктерди/балансты толуктоону менин банк картама жөнөтө алабы?
Жок. Уюлдук бирдиктер телефондун балансына гана жүктөлөт. Утуп алган белекти акчалай же банк картасына алуу мүмкүн эмес.

Белекти же уюлдук бирдикти алуу үчун эмне кылуу керек?
Эгер сен уюлдук бирдиктерди утуп алган болсоң, алар сага автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Эгер бирдиктер ҮЧ КҮНДҮН ИЧИНДЕ келбесе:
  • Бирдиктер эгер сен чыныгы аты-жөнүңдү жана туулган күнүңдү жазбасаң келбейт;
  • Бирдиктер эгер сен Qlever колдонуучулук келишимин - https://kg.qlever.asia/terms бузган болсоң жөнөтүлбөйт;
  • Бирдиктер эгер сен тура эмес телефон номерди көрсөткөн болсоң келбейт - Профиль ➡️ Профилди редакциялоо бөлүмүнөн кайра текшерип көр;
  • Маалыматтарыңдын баары туура болуп, бирок бирдиктир үч күндүн ичинде келбесе, биздин Telegram чаттын “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүнө жаз https://t.me/QleverKGbot (ал жактан биз тезирээк жооп беребиз). Же болбосо кайтарым байланыш бөлүмү аркылуу байланышсаң болот. Бул үчүн компьютерден "Кайтарым байланыш" деген бөлүмдү бас (менюдагы сол жактагы иконка). Уюлдук тиркемеде бул пункт бул жерде: "Дагы" ➡️ "Qlever жөнүндө" ➡️ "Администраторго кайрылуу".
Эмнеге менин номериме балансты толуктоо ишке ашпай жатат?
Эгер сен белек утуп алсаң, биздин администратор сенин маалыматтарыңды текшерип көрөт. Белек жөнөтүлбөйт, эгер:
  • Аты-жөнүңдү, туулган күнүңдү туура эмес жазсаң;
  • Qlever колдонуучулук келишимин - https://kg.qlever.asia/terms бузган болсоң;
  • Туура эмес телефон номерин жазсаң – жеткирүү кызматы сени менен байланыша албайт;
Туура маалыматтарды жаз жана биздин Telegram чаттын “Сатып алуулар (баланс, белектер, жеткирүү)” бөлүмүнө кайрыл https://t.me/QleverKGbot (бул жактан биз тезирээк жооп беребиз).